АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео мурдатан жарыя кылынбаган иш сапары менен Кабулга келди. Бул тууралуу өз атын атагысы келбеген өкмөт өкүлү “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдирди.
Майк Помпео Кошмо Штаттардын дипломатиялык мекемесин жетектей баштагандан бери Кабулга биринчи жолу келди. Маалыматтарга караганда ал Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен жолугат жана чогуу басма сөз жыйынын өткөрөт.
Учурда Ооганстанда НАТО күчтөрүнүн курамында 14 миңдей америкалык жоокер бар. Алар “Ислам мамлекети” жана “Ал-Каида” сыяктуу экстремисттик уюмдардын согушкерлерине каршы антитеррордук операцияларга катышат.