Тышкы иштер министри Борис Жонсон Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу процессине байланышкан саясий кризис учурунда кызматтан кетти. Бул Тереза Мэй башында турган министрлер кабинетинде болгон бир эле күндөгү экинчи отставка болуп калды. 9-июлда эртең менен Брексит боюнча министр Дэвид Дэвис кетип, анын ордуна турак жай министри катары иштеп келе жаткан Доминика Рааб дайындалган.
Борис Жонсондун отставкага кетүү чечими тууралуу Тереза Мэй парламент мүчөлөрүнө кайрылардын алдында - жарым саат мурда гана билген.
“Бүгүн премьер-министр тышкы иштер министри Борис Жонсондун отставкасын кабыл алды. Анын ордуна дайындала турган адам кийинчерээк маалымдалат. Премьер-министр Бориске жасаган иштерине ыраазычылык билдирет” деп айтылат өкмөт башчынын кеңесеси тараткан билдирүүдө.
Борис Жонсон 2016-жылдагы Европа Биримдигинен чыгуу же анын курамында калуу боюнча референдумда андан чыгууну жактаган негизги саясатчылардын бири болгон.
Премьер-министр Тереза Мэйдин кабинети жума күнү “жумшак Брексит” планын кабыл алган. Бул "Британия байланыштарды анча кескин үзбөйт жана жаңы соода келишими азыркыдан көп айырмаланбайт" дегенди билдирет. Девис британ өкмөтү Еврошаркеттин бажы биримдиги менен жалпы базарынан чыккысы жок экенин белгиледи. Брекситти колдогондордун максаттарынын бири - Еврошаркет базарына байланбастан, дүйнөдөгү башка өнөктөштөр менен өзү каалагандай соода жүргүзүү болчу.
Британдыктардын 54% 2016-жылы өткөн референдумда Брекситти - Европа Биримдигинен чыгууну колдогон.
Кабыл алынган чечимге ылайык, Улуу Британия Европа Биримдигинен 2019-жылдын мартында чыгып кетиши керек.