Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

Бекназаров: Конгантиевдин ишин кыскартуу - мыйзамсыз чечим


Азимбек Бекназаровдун басма сөз жыйыны. Бишкек, Кыргызстан. 10-июль, 2018-жыл.
Азимбек Бекназаровдун басма сөз жыйыны. Бишкек, Кыргызстан. 10-июль, 2018-жыл.

Туруктуу элдик кеңештин (ТЭК) төрагасы, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров мурдагы ички иштер министри Молдомуса Контантиевдин кылмыш ишин кыскартууну сындап чыкты. Ал бул тууралуу пикирин Бишкектеги атайын басма сөз жыйынында билдирди:

- Бул иштин укуктук жагын айтайын. Тергөө жүрүп, Молдомуса Конгантиевдин күнөөсү барбы же жокпу, аныкталып, иш сотко жиберилиши керек. Анткени башкы иш боюнча Бакиевдер (сыртынан соттолгон) жазасын алды. Анан ошол иштен Молдомусага байланыштуу факты боюнча бөлүнүп алынган иш жабылып калса, бул мыйзамга жатпайт. Анда тиякта соттолгон адамдар "жаңы жагдайлар чыкты, биздикин да кайра карагыла" деп маселе көтөрүшөт. Ошондуктан Молдомуса Конгантиев сот аркылуу гана күнөөлүү же күнөөсүз деп табылышы керек. Антпесе коомчулук аны менен макул болбойт. "Мунун артында саясат бар экен, артында Жээнбеков турат" деген түкшүмөлдөргө алып келет, - деди Бекназаров.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иши айыпталуучунун кадамдарында “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен 18-июнда кыскартылган. Муну алгач, 5-июлда Конгантиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов билдирип, кийин УКМК да ырастаган.

УКМК тергөөнүн жүрүшүндө Конгантиев 2010-жылдын 6-7-апрелинде Таласта болгонун жана 7-апрелде Бишкекте аянтка чыккан адамдарга ок атууга тиешеси жок болгону аныкталганын билдирүүдө.

Экс-министрдин Таласта алган жараатынан улам саламаттыгына доо кеткени үчүн тергөө бир нече жолу токтотулганын атайын кызмат эске салган.

Башкы прокуратура 2010-жылы мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон. Ага “ошол жылдын 6-апрелинде басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзү менен 7-апрелде Таласта элге курал колдонулушуна себепчи болгон" деген айып тагылган.

Мындан соң апрель окуясына катышкан бир катар жарандар мындай чечимге нааразылыгын билдиришкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG