Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Чүй облусунун Москва районундагы мүчөлөрү партия лидери Алмазбек Атамбаевге каршы кезексиз жыйынга чогулду. Алар өз конференциясын “Атамбаевсиз КСДП” деп аташкан.
Жыйынга 100гө жакын адам катышууда. Алар “партиядан коррупционерлердин, акчалуулардын чыгып кетишин” жана “партияда көп жылдан бери чуркап жүргөн мүчөлөрүн бийликке алып келүүнү” талап кылышууда.
Чогулгандар жыйында бардык аймактарда КСДПнын мүчөлөрүнүн кезексиз жыйынын өткөрүүнү, төрагалыктан Алмазбек Атамбаевди кетирүүнү жана партиянын саясий кеңешин алмаштырууну талап кылган резолюция кабыл алышты.
Конференциянын президиумунда өзүн ушул партиянын өкүлү деп тааныштырган Сагынбек Абдрахманов жана башкалар отурат. Абдрахманов буга чейин "партия кезексиз жыйынга чогулуп, күн тартибине партиянын азыркы төрагасы Алмазбек Атамбаевди төрагалыктан кетирүү жана партиянын тизмесинен чыгаруу маселеси коюлат" деп билдирген.
Мындан кийин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева партия кезексиз жыйын өткөрбөй турганын маалымдап, Абдрахманов партиянын мүчөлүгүнөн 2017-жылы чыгарылганын билдирген. Партия тараткан билдирүүдө ошондой эле Сагынбек Абдрахманов үч айдан бери өзүнүн айланасына таарынган партиялаштарды чогултуу аракеттерин көрүп жатканы жазылган. Партия жетекчилиги Москва районундагы партия мүчөлөрүнүн жыйыны тууралуу комментарий бере элек. (ErN)