Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Таиландда үңкүрдөгүлөрдүн акыркыларын чыгаруу аракети көрүлүүдө


Үңкүрдөгүлөрдү куткаруу операциясы жүрүп жаткан аймак. 10-июль, 2018-жыл.
Үңкүрдөгүлөрдү куткаруу операциясы жүрүп жаткан аймак. 10-июль, 2018-жыл.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, учурда үңкүрдөгүлөрдү куткаруу боюнча операциянын үчүнчү баскычы башталды.

Анын натыйжасында үңкүрдөн бүгүн акыркы төрт бала жана алардын машыктыруучусу чыгарылышы керек. Суу толуп калган үңкүрдөн буга чейин сегиз бала куткарылган болчу.

11-16 жаш курактагы 12 өспүрүм жана алардын машыктыруучусу үңкүргө 23-июнда кирген соң нөшөрлөгөн жамгырга байланыштуу кайра чыга албай калышкан.

Аларды куткаруу операциясына 10 өлкөдөн 1000дей адам катышып жатат. Окуянын өзү Таиландда теледен тынымсыз түз чагылдырылууда. Операциянын жүрүшүндө куткаруучулардын бири - армиянын суучулу -курман болду. (UE)

XS
SM
MD
LG