Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Кытайлык диссиденттин жесири Европага жол тартты

Маркум Лю Сяобо жубайы Лю Ся менен. 2002-жылы тартылган сүрөт.
Маркум Лю Сяобо жубайы Лю Ся менен. 2002-жылы тартылган сүрөт.

Кытайлык маркум диссидент, Нобел Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Лю Сяобонун жубайы Лю Ся Бээжинден Европага бүгүн жол тартты.

Акын жана сүрөтчү Лю Ся 2010-жылы күйөөсүнө Нобель сыйлыгы ыйгарылгандан бери эле үй камагында болчу жана мамлекеттин катуу көзөмөлү астында жашап келген.

Ал бүгүн "Finnair" авиакомпаниясынын Бээжинден Берлинге жол тарткан учагына отурганы кабарланды.

Анын күйөөсү Лю Сяобо 2017-жылдын июль айында Кытайдын камагында боордун рак оорусунан каза тапкан.

Эл аралык укук коргоо топтору, Батыш өлкөлөрү, жергиликтүү активисттер кезинде кытай бийлигин Сяобону бошотуп, анын чет өлкөдөн дарыланышына жол ачууга чакырышкан. Бирок Бээжин бул чакырыктарга көнгөн эмес.

Лю Сяобо 2008-жылы "Хартия 08" деген документке авторлош болгондон кийин камакка алынган.

Анда Кытайда адамдын фундаменталдык укуктарын коргоого жана саясий системаны реформалоого чакырык ташталган эле.

Сяобо 2009-жылы «бузуку ишмердиги» үчүн деп 11 жылга кесилген. 2010-жылы Нобел Тынчтык сыйлыгы Ослодо анын катышуусуз тапшырылган.

Лю Сяобо 1938-жылдан бери абакта өлгөн Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаттары арасынан биринчиси болгон.

Анын жесири Лю Сяны үй камагынан бошотуп, өлкөдөн кетишине мүмкүндүк берүүгө Кытайды буга чейин Кошмо Штаттар чакырган.

Германиянын канцлери Ангела Меркел, маалыматтарга караганда, дал ушул маселени быйыл майда, Бээжинде Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен жолуккан учурда көтөргөн. (UE)

XS
SM
MD
LG