Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан он киши мерт болду


Жалалабадда жанкечти жардырган жер. 10-июль, 2018-жыл.
Жалалабадда жанкечти жардырган жер. 10-июль, 2018-жыл.

Расмий өкүлдөр кабарлагандай, кеминде он киши бүгүн Нангархар провинциясынын Жалалабад шаарында жанкечти өзүн полициянын көзөмөл бекетинин жанында жардырып жиберген учурда мерт болду.

Алардын сегизи жайкын тургундар, экөө күз түзүмдөрүнүн адамдары болуп чыкты, дагы төрт киши жарадар болду. Жардыруудан улам айланадагы дүкөндөр менен автоунаалар да өрттөлгөн.

Жанкечтинин чабуулунан өлгөндөрдүн арасында жардыруу болгон жерден алыс эмес аралыктагы автоунаа жууй турган жайда иштеген балдар да болгону кабарланды.

Кол салуу үчүн азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек. (UE)

XS
SM
MD
LG