Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Тик учак кырсыгынан жабыркагандардын бирине операция жасалды


Кыргызстандагы оорукана. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы оорукана. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө кырсыктаган тик учакта жабыр тарткан альпинисттердин биринин бутуна, балтыр сөөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу Бишкектеги травматология-ортопедия илимий изилдөө борборунун директорунун орун басары Бакыт Исаков "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, бейтаптын абалы оор, бирок туруктуу. Бир колу сынган, бир колу чыгып кеткен, мээси чайкалган. Альпинист Жапониянын жараны экени такталды. Ал азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бакыт Исаковдун сөзүнө караганда, жабыр тарткандардын калгандары амбулатордук жардам алгандан кийин ооруканадан чыгып кетишкен.

Кечээ, 9-июлда Ысык-Көлдүн Түштүк Эңилчек мөнгүсү тарапта “Ми-8 МТВ” үлгүсүндөгү аскердик тик учак кулап түшкөн. Альпинисттерди куткарыш үчүн барган тик учак кабылган кырсыктан төрт адам жабыркаган, курмандыктар болгон эмес.

Андан кийин жардамга барган башка тик учак кырсыктаган алты адамды Бишкек шаарына алып келген. Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева алардын төртөө ооруканага жаткырылганын кабарлаган.

Ал эми кырсыктаган тик учактын абалы тууралуу маалымат бериле элек. Аны алып эвакуациялаш үчүн Казакстанда да бир тик учак жардамга келген эле. (KE\ErN)

XS
SM
MD
LG