Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Улуттук кардиология борбору Артыкбаевдин дарыланып жатканын ырастады


Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборунун директору Айнагүл Жумагулова Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ушул бейтапканада дарыланып жатканын “Азаттыкка” ырастады.

- Артыкбаев бизге жүрөгү кармап түшкөн. Бир сыйра дарыланды. Учурда коронарография текшерүүсүнөн өтүп жатат. Андан кийин дагы бир текшерүү жүрөт. Жүрөктүн тамырларын текшериш керек. Анткени кан басымы көтөрүлүп, жүрөктүн согушунун ритми бузулуп калган. Кароодон өткөндөн кийин так диагноз коюлат. Ошондон кийин толук маалымат бере алабыз, - деди Айнагүл Жумагулова. Ал Артыкбаев бул борборго качан аларга которулуп келгенин тактаган жок.

Бүгүн эртең менен Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ден соолугу начарлаганына байланыштуу ооруканага чыгарылганын билдирген. Сулайманов Артыкбаевдин жүрөгү ооруганын, дарыгерлердин чечими менен Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылганын кабарлаган.

Мындан кийин бир нече маалымат каражаттары Осмонбек Артыкбаев Кыргызстандагы бир да ооруканага түшпөгөнүн жазып жиберишкен.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасындагы жаңжалга байланыштуу айыпталууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG