Дональд Туск бүгүн АКШнын президенти Дональд Трампка Евробиримдиктин коргонуу чыгымдарынын аздыгын “дээрлик күн сайын эле сындай бербеш керек” деп эскертти. “Урматтуу Америка, өз өнөктөштөрүңөрдү баалагыла. Акыр аягында алар силерде анчалык көп эмес”, - деди Туск өз билдирүүсүндө.
Ал бул сөздөрдү НАТОнун саммитинин алдында айтты. Түндүк Атлантикалык Альянстын саммити 11-12-июлда Брюсселде өткөнү турат. Бүгүн Брюсселде Евробиримдик менен НАТО кызматташтык боюнча жаңы макулдашууга кол коюшту.
Дональд Трамп бийликке келгенден тартып НАТОнун Европадагы мүчөлөрүн коргонуу чыгымдарына жетиштүү каражат бөлө албаганы үчүн сындап, ушундан улам АКШ аскердик альянстын жүгүнүн көбүн көтөрүүгө мажбур болуп жатканын белгилеп жүрөт.
Европадагы сапарын утурлай Трамп "Твиттердеги" баракчасында “АКШ башка өлкөлөрдү коргош үчүн көп акча коротот. Бул абдан адилетсиз. НАТО өлкөлөрү көп, АКШ аз төлөшү абзел” деп жазган эле.
НАТОнун алкагында буга чейин аскердик чыгымдардын көлөмүн 2024-жылга чейин ички дүң өнүмдүн эки пайызына жеткирүү маселеси макулдашылган. (UE)