Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Кыргызстандын ЕАЭБден импорту көбөйүп, экспорту азайды


Евразия Экономикалык Биримдигинин Сочидеги саммити. 14-май, 2018-жыл.
Евразия Экономикалык Биримдигинин Сочидеги саммити. 14-май, 2018-жыл.

Быйылкы жылдын январь-апрель айларында, расмий эсепке караганда, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2 миллиард 149 миллион долларды түздү.

Мунун 700 миллион доллары Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы өлкөлөрдүн үлүшүнө туура келген.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода-сатыктын жалпы көлөмү 0,6% арбыды. Бирок мунун ичинен импорт 2,6% (514 миллион доллар) көбөйсө, экспорт тескерисинче 4,6% (184 миллион доллар) азайган.

Кыргызстандын ЕАЭБдеги башкы соода өнөгү - мурдагыдай эле Орусия. Быйыл төрт айда Орусияга 102 миллион долларга товар экспорттолсо, 351 миллион долларлык товар импорттолгон.

Ал эми Казакстанга 80 миллион долларга товар экспорттолуп, 154,3 миллион долларга импорттолгон. Беларуска кеткен экспорт 2,7 миллион долларды, импорт 9 миллион долларды түзгөн. Арменияда 200 миң долларга товар импорттолгон.

ЕАЭБге Кыргызстан расмий 2015-жылдын 12-августунда кошулган. (UE)

XS
SM
MD
LG