Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:04

Ооганстан: жанкечтинин жардыруусу үчүн ИМ тобу жоопкер болду


Жанкечти өзүн жардырган аймак. 10-июль, 2018-жыл.
Жанкечти өзүн жардырган аймак. 10-июль, 2018-жыл.

Нангархар провинциясынын жетекчилиги билдиргендей, Жалалабад шаарында жанкечти өзүн полициянын көзөмөл бекетинин жанында жардырып, андан кеминде 12 кишинин өмүрү кыйылып, төртөө жарадар болду.

Курман болгондордун кеминде сегизи жайкын тургундар, экөө күч түзүмдөрүнүн адамдары.

Жанкечтинин жардыруусунан мерт болгондордун арасында ал жерден алыс эмес аралыктагы автоунаа жууй турган жайда иштеген балдар да болгону кабарланды.

Жардыруудан улам айланадагы дүкөндөр менен автоунаалар өрттөнүп кеткен.

Бомба чабуулу үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкер экенин ага караштуу “Amaq” жаңылыктар агенттиги жазып чыкты. Нангархар провинциясында “Ислам мамлекети” тобу, “Талибан” да чабуул коюп келет.

Мындан бир күн мурда, 9-июлда Кабулга иш сапары менен барган учурда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео ооган өкмөтү менен “Талибандын” ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү жүрөрүнө үмүт артканын билдирген.

Помпео АКШ өзү да "Талибан" менен түз сүйлөшүүлөргө катышууга даяр экенин ырастап, бирок тынчтык жараянды оогандар өздөрү жетектеши керек экенин кошумчалап, коңшу мамлекеттерден да колдоо талап кылынарын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG