Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Трамп менен Туск НАТОнун саммитинин алдында кайым айтышты


Дональд Туск жана Дональд Трамп. Брюссель, 25-май, 2017-жыл.
Дональд Туск жана Дональд Трамп. Брюссель, 25-май, 2017-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп бүгүн Вашингтондон Брюсселге барарда:

- НАТО бизге адилет мамиле кылбайт. Бирок менимче биз бир нерсе ойлоп табабыз. Биз абдан көп акча төлөп жатабыз, алар абдан эле аз төлөшөт. Бирок биз муну бардык мамлекеттер ыраазы болгудай кылып иштеп чыгабыз. Биздин өнөктөштөрүбүз көп. Бирок биз муну пайдалана албайбыз. Евробиримдик бизден артыкчылык алышынан улам былтыр биз соодада эле 151 миллиард доллар жоготтук. Мындан сырткары биз НАТОнун кеминде 70% чыгымын көтөрүп жатабыз, - деп билдирди.

Анын алдында Европа кеңешинин президенти Дональд Туск АКШ президентине Евробиримдиктин коргонуу чыгымдарынын аздыгын “дээрлик күн сайын эле сындай бербеш керек экенин” эскерткен:

- Мен президент Дональд Трампка түз кайрылгым келет. Ал Европаны көптөн бери, дээрлик күн сайын, анын көз карашы боюнча жалпы коргонууга жетиштүү салым кошпой жатканы үчүн сынга алып келет. Урматтуу президент Трамп, АКШда Европадан жакшы өнөктөш жок жана болбойт. Урматтуу Америка, өз өнөктөшүңөрдү баалагыла. Акыр аягында алар силерде анча деле көп эмес.

Трамп менен Туск жогорудагы сөздөрдү НАТОнун саммитинин алдында айтышты. Түндүк Атлантикалык Альянстын саммити 11-12-июлда Брюсселде өткөнү турат.

10-июлда Брюсселде Евробиримдик жана НАТО кызматташтык боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Дональд Трамп НАТОнун европалык мүчөлөрүн коргонуу чыгымдарына жетиштүү каражат бөлө албаганы үчүн сындап, мындан улам аскердик альянстын жүгүнүн көбүн АКШнын көтөрүүгө мажбур болуп жатканын бийликке келгенден бери такай белгилеп келет.

НАТОнун алкагында буга чейин аскердик чыгымдардын көлөмүн 2024-жылга чейин ички дүң өнүмдүн эки пайызына жеткирүү маселеси макулдашылган. (UE)

XS
SM
MD
LG