Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Бишкекте дүйнөлүк калк күнү белгиленет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 11-июль - Бүткүл дүйнөлүк эл күнү. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, буга карата Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда бүгүн саат 17.00дөн 19.00гө чейин атайын иш-чара уюштурулат.

Маалыматка караганда, быйыл майрам "Үй-бүлөнү пландаштыруу - бул адам укугу" деген темада өткөрүлөт.

Улуттук статистика комитетинин быйыл январдагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда ушу тушта калктын саны 6 193 400 миң кишини түзөт. Анын 31,8 пайызы жаңы төрөлгөн ымыркайлардан тартып 14 жашка чейинкилер. Ал эми 59,3 пайызы ишке жарактуу жарандар. Карылар 7,1 пайыз. Өлкөдө акыркы жылдарда төрөттүн саны азайганы байкалган. (NT)

XS
SM
MD
LG