Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

TIKA Улуттук тарых музейинин ремонтун 30-августта аяктайт


Улуттук тарых музейи. Бишкек.
Улуттук тарых музейи. Бишкек.

Түркиянын эл аралык кызматташтык агенттиги (TIKA) Бишкектеги Кыргыз улуттук тарых музейинин сырткы тарабынын ремонтун 30-августта бүткөрөт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат "Азаттыкка" билдирди.

2015-жылы премьер-министрдин буйругу менен "Улуттук тарых музейин Түркия Республикасынан берилүүчү жардамдын эсебинен реконструкциялансын" деген тапшырма берилген.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги музейди жаңылоо эки этап менен жүрөрүн кабарлаган. Алгач TİKA музейдин баарын ремонттоп бермекчи болуп, кийин жарымын оңдоого гана көмөк көрсөткөн. Калганын Кыргызстан өзү оңдой турган болгон.

Буга чейин TIKA музейдин сыртын оңдоп жаткан. Президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева өткөн айда суу акканына байланыштуу түрк тарап аны оңдоого кайрадан сынак жарыялап, ремонт жүрүп жатканын "Азаттыкка" кабарлаган.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы 25-майда Улуттук тарых музейин оңдоого акча сарамжалсыз жумшалганын, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганын жарыялаган.

Жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган.

28-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) музейди реконструкциялоо боюнча бюджеттик каражаттарды туура эмес жана максатсыз пайдалануу тууралуу текшерүү жүргүзө баштаганын билдирген.

УКМКнын маалыматына караганда, музейди оңдоого мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 569 миллон 477 миң сом бөлүнгөн. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG