Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Коррупциялык иштер үчүн ачылган эсепке Башкы прокуратура 39 млн. сом салды 


Кыргызстандын 5 миң сомдук купюралары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын 5 миң сомдук купюралары. Иллюстрациялык сүрөт.

Жемкорлордон кайтарылган акча үчүн атайын ачылган эсепке Башкы прокуратура бир жуманын ичинде 39 млн. сом түшүрдү. Бул тууралуу башкы көзөмөл мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады.

Прокуратура бул каражаттар кайсы мыйзам бузуудан өндүрүлгөн каражаттар экенин ачык билдирген жок.

Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды которуу үчүн атайын эсеп ачууну президент Сооронбай Жээнбеков 16-майда тапшырган. Андан кийин Башкы прокуратуранын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук банктын жетекчилери чогулуп, кеңешме өткөргөн. Анын негизинде Финансы министрлиги атайын эсеп ачуу боюнча токтомду даярдап, өкмөткө жөнөткөн. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жемкорлордон кайтарылган акча үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго 3-июлда кол койгон.

Бул эсепке Башкы прокуратурадан сырткары Финполиция, УКМК жана ИИМ коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлгөн каражатты салышы керек. Бул акча өкмөттүн негизделген чечими менен кайра бөлүштүрүлөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG