Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:23

Кыргызстанда балдарды өнүктүрүүчү 50 боз үй уюшулду


Аламүдүн районундагы боз үйдө уюшулган балдарды өнүктүрүү борбору.
Аламүдүн районундагы боз үйдө уюшулган балдарды өнүктүрүү борбору.

Кыргызстанда жай мезгилинде мектеп жашына чейинки бөбөктөр үчүн 50 боз үйдө жайгаштырылган өнүктүрүү борборлору иштей баштады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Чүй облусунун Аламүдүн районундагы социалдык жайларды кыдырып жүргөндө белгилүү болду.

Боз үйлөр мектептердин, бала бакчалардын жана китепканалардын короолорунда уюшулган. Аларда балдар үчүн бекер секциялар жана ийримдер камтылган долбоорлор иштеп жатат.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ырастагандай, бул борборлордо балдар 3-5 саат бою оюндарды ойноп, сүрөт тартуу, окуу, шуру тизүү жана башка чыгармачылык менен алектенишет.

“Өкмөт Аймактык саясат концепциясынын алкагында мындай борборлорду туруктуу уюштурууну пландаштырууда. Облустарда жайкысын мектепке чейинки мекемелерге барбаган же эс алууга чыгууга мүмкүнчүлүгү жок балдар ата-энелери менен кошо убакытты пайдалуу өткөрүшү үчүн боз үйлөр орнотулган. Бул аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүгө ата-энелердин жана коомчулуктун көңүлүн гана бурдурбастан, балдардын китеп окууга болгон ышкысын ойготобуз” – деди Алтынай Өмүрбекова аймактагы китепкана менен таанышып жатып.

Вице-премьер белгилегендей, өкмөттүн максаттарынын бири – китепкана ишин өнүктүрүү, мында балдардын чыгармачыл борборлору да жайгашуусу үчүн аларга жаңы формат берүү.

Кыргызстанда "Роза Отунбаеванын демилгелери" фонду да жыл сайын жүздөн ашуун боз үйдү жайлоолордо бала бакча катары уюштуруп келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG