Ооганстандын Нангархар чөлкөмүндө өкмөттүк мекемеге кол салуу маалында бери дегенде он киши каза тапты. Эки жанкечти Жалалабад шаарындагы билим берүү бөлүмү жайгашкан имаратка чабуул койгондон кийин коопсуздук күчтөрү менен бир нече сааттык атышуу болду.
Провинциянын полиция башчысы генерал Гулям Санаи Станекзайдын айтымында, жанкечтилердин бири өзүн өзү жардырып жиберди, экинчиси атышууда окко учту.
Маалыматка караганда өлгөн 10 киши мекеменин кызматкерлери болгон. Дагы 10 киши жарадар болду. Терактты ким уюштурганы азырынча белгисиз. Нангархарда талибдер менен катар “Ислам мамлекети” радикал тобунун жоочулары да аракеттенишет.