Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:05

Тажикстанда белгилүү журналист 12 жылга түрмөгө кесилди


Хайрулло Мирсаидовдун соту. Тажикстан, Согди облусу, Хужанд шаардык соту. 8-июнь, 2018-жыл.
Хайрулло Мирсаидовдун соту. Тажикстан, Согди облусу, Хужанд шаардык соту. 8-июнь, 2018-жыл.

Тажикстандын соту журналист Хайрулло Мирсаидовду 12 жылга кести. Хужанд шаардык соту аны "мамлекеттик каражатты кымырып алганы, максатсыз пайдаланганы жана жалаа жапкандыгы үчүн күнөөлүү" деп тапты.

Мирсаидов былтыр декабрда кармалган. Ал күнөөсү жоктугун, бул иш өкмөттөгү паракорлуктун бетин ачкан репортаждары үчүн өч алуу экенин айтып келатат. Адвокаттары өкүмдү «адилетсиз» деп аташты жана апелляциялык арыз берерин билдиришти.

Мирсаидов – эркин журналист. Мурда "Asia-Plus" жана “Немис толкуну” агенттиктеринин кабарчысы болчу. Ошондой эле КВНдын Тажикстан командасын жетектечү.

"Amnesty International" эл аралык укук коргоо уюму журналистти "абийир туткуну" деп атады. Журналисттерди коргоо комитети болсо “Мирсаидовду жасалма иш боюнча абакка айдоонун ордуна анын маанилүү ишин баалаш керек” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG