Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:32

Камакка алынган эксперттин ордуна жаңы кадр дайындалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын төрагасынын орун басары болуп Табылды Матсаков дайындалды. Ал бул мекеменин жетекчисинин камакка алынган орун басарынын ордун ээледи.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн кол койду.

Бүгүн Башкы прокуратура Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Факты боюнча жетекчилик кызматтагы эки адам жана бир кызматкер камакка алынган. Башкы көзөмөл мекемеси алардын аты-жөнүн ачыкка чыгарган эмес.

Камакка алынгандар "Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияны иликтеш үчүн дайындалган соттук-курулуш-техникалык эксперттик топко басым жасаган" деп айыпталууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG