Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:29

Босния жана Герцеговинада Сребреница курмандыктарын эскеришти


11-июлда трагедиянын 23 жылдыгында дагы 35 кишинин калдыктары жерге берилди.
11-июлда трагедиянын 23 жылдыгында дагы 35 кишинин калдыктары жерге берилди.

Босния жана Герцеговинадагы Поточари мемориалдык комплексинде 1995-жылдын июлунда Сребреницада өлтүрүлгөн сегиз миң мусулманды эскеришти. 2007-жылы БУУнун Эл аралык соту ал массалык кыргынды геноцид деп тааныган. 11-июлда трагедиянын 23 жылдыгында дагы 35 кишинин калдыктары жерге берилди. Маркумдардын тек жайы ДНК анализдеринин жардамы менен аныкталды. Учурда дагы миңдей киши дайынсыз болууда. Сребреницадагы эркектер менен өспүрүм балдар Босниядагы согуш маалында шаарча серб армиясынын көзөмөлүнө өткөндөн бери БУУнун коргоосунда болчу.

Жыл сайын Поточариде траурдук иш-чаралар өткөрүлөт. Быйыл АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео жолдогон кайрылууда: "Сребреницадагы үрөй учурган геноцид расасына же динине карабай, ар бир жаран үчүн бейкуттукка жана стабилдүлүккө умтулушубуз керектигин эске салат", - деп айтылат.

Босния жана Герцеговинанын курамындагы Республика Сербсканын президенти Милорад Додик Сребреницадагы окуяны тукум курут деп атачу. Бирок акыркы мезгилде массалык кылмыштарды тануу жана босниялык сербдердин ошол кездеги лидерлерин мактоо саясатын жүргүзүп келатат.

XS
SM
MD
LG