Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 01:23

Бишкекте жол кайгуул кызматкерлери эреже бузганы үчүн кармаган учурда өзүн "УКМКнын жашыруун кызматынын өкүлү" катары тааныштырганы тартылган тасма Интернетке тарап кеткен адамдын аты-жөнүн аныктады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) анын бул органда иштейт турганын төгүндөдү жана транспорт каражаттарын сактоо боюнча кызмат көрсөткөн жеке ишкер экенин маалымдады.

Июлдун башында Интернетте "УКМКнын жана ИИМдин онунчу башкармалыгынын кызматкерлери Бишкекте мас болуп машине айдап жүрүшөт" деген видеотасма чыккан. Анда алар жасалма номер тагылган автоунааны мас абалында айдаганы жана жол кайгуул кызматкерлерине баш ийбегени үчүн 30-июнда кармалганы, тиешелүү документтерди толтуруу учурунда булардын бири өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырганы жазылган.

УКМКнын маалыматына караганда, жалган айткан киши Нарын облусунун 33 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ал эми кармалган «Ниссан Фуга» үлгүсүндөгү автоунаа «Санрайз Риелт» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык экени белгилүү болду. Машине кармалган маалда рулда милициянын мурдагы кызматкери отурган. Материалдар укуктук баа бериш үчүн ИИМге өткөрүлүп берилгени кабарланды. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG