Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Трамп менен Меркел Брюсселде сүйлөштү


Доналд Трамп менен Ангела Меркел. 11-июль, 2018-жыл
Доналд Трамп менен Ангела Меркел. 11-июль, 2018-жыл

АКШ президенти Доналд Трамп менен Германия канцлери Ангела Меркел НАТОнун Брюссел саммити учурунда өзүнчө жолугушту. Анын алдында эле Трамп Берлин коргонуу тармагына жетиштүү каражат сарптабайт, Орусия менен газ куурлары боюнча “миллиарддаган доллардык” келишимдерге барып, ошол эле учурда АКШ аны Орусиядан коргойт деп күтөт деп сындаган. Меркел буга Германия көз карандысыз чечимдерди кабыл алууга кудуреттүү деп жооп берди.

Канцлер менен кездешүүдөн кийин АКШ президенти коргонууга каражат бөлүү маселесин жана "Түндүк агым 2" газ куурун талкуулаганын айтты. Меркел болсо соода жана миграция маселелерин козгогонун билдирди.

Трамп ага чейин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолуккан учурда да курч маанайда пикир алмашкан.

XS
SM
MD
LG