Келерки жылы Кыргызстан менен Австриянын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча комиссиянын өкмөт аралык жетинчи жыйыны өтөт.
Бул жыйынга даярдык маселеси Вена шаарында кыргыз элчиси Бакыт Жусупов менен Австриянын Тышкы иштер министрлигинин баш катчысы Йоханнес Петерлик менен жолугушуусунда талкууланганын бүгүн Кыргызстандын дипломатиялык мекемеси кабарлады.
Элчи Бакыт Жусупов Кыргызстандагы ички саясий жана экономикалык абал тууралуу маалымат берип, Австрия менен инвестиция тартуу, экспорт, санарипке өтүү, туризм жана башка чөйрөлөрдө кызматташтыкты улантууга кызыкчылыгы бар экенин айтты.
Кыргызстан менен Австриянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1992-орнотулган. (RK)