Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулмай болду


Бишкек мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.
Бишкек мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.

Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Жыйын 13-июлда өтөрү айтылды.

Ушу тапта Интернеттеги социалдык түйүндөрдө “Бишкектин мэри Албек Ибраимов Кыргызстандан качып кетти” деген маалымат тарап жатат.

Бирок борбор калаанын басма сөз кызматынын өкүлү Светлана Пушарская “Азаттыкка” кабарлагандай, Ибраимов эмгек өргүүсүнө чыкты, ал 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда болот.

"ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 13-июнда сурак берип чыккан.

Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон.

Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду УКМК 6-июлда жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу козголгон иш боюнча камакка алган. (RK)

XS
SM
MD
LG