Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы астында Кыргызстанда Сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча ченемдик-укуктук актыларды ишке ашыруучу координациялык кеңештин экинчи жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.
Анда Жазык-процессуалдык кодексин Конституцияга жана “Конституция тарабынан орнотулган прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары тууралуу” мыйзамга дал келтирүү маселеси каралды.
Ошондой эле жабырланган тарап тарткан материалдык жана моралдык зыянды калыбына келтирүү тартибинин концепциясы талкууланды. Болжолдонгондой, 2021-жылдан тартып жеке жакка карата кылмыштар (киши өлтүрүү, зордуктоо ж.б.) боюнча күнөөкөрдүн эсебинен зыянды кайтаруу мүмкүн болбогон учурда, жабыркагандар компенсацияны атайын фонддон ала алат. Кийинчирээк төлөнгөн сумма акырындык менен түздөн-түз күнөөкөр жактардан өндүрүлөт.
Жыйында 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата соттук-укуктук реформасынын аткарылышы да кеп болду. Ал планда ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу каралган 46 иш-чара жана 31 практикалык иш-чара камтылганы айтылды. Бул боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.
Cот-укук реформасын ишке ашыруу боюнча координациялык кеңеш премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен түзүлгөн. Ал бул багыттагы кодекстер менен мыйзамдардын натыйжалуу иштешин камсыз кылууну көздөйт. Кеңешке Жогорку соттун төрагасы, башкы прокурор, Коопсуздук кеңешинин катчысы, аткаруу бийлик органдарынын, президенттик аппараттын, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн түзүмдүк бөлүм башчылары жана жарандык коом өкүлдөрү кирет. (ErN)