13-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36,
Баткенде түнкүсүн 20...25, күндүз 34...39,
Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 29...34,
Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн 19...24, күндүз 33...38,
Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 8...15, күндүз 21...27,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 34…36 градуска чейин көтөрүлөт.