АКШнын президенти Дональд Трамп Брюсселде өтүп жаткан НАТОнун саммитинде Түндүк-Атлантикалык Альянска кирген өлкөлөрдүн коргонуу тармагына кетчү каражатын алардын ички дүң өнүмүнүн 4% чейин көбөйтүүгө үндөдү. Буга чейин бул көрсөткүч 2% деп белгиленген.
Трамп саммитте бул маселени койгонун Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс бышыктады. Америкалык лидер НАТО мүчөлөрү буга чейин белгилеген 2% “өтө минималдык” көрсөткүч экенин, аны 4% чейин көтөрүүнү көздөй тургандыгын белгиледи.
Трамп "Твиттер" баракчасына НАТО өлкөлөрү коргонууга кетчү каражатты “тезинен” көбөйтүшү зарыл экенин жазды. Буга чейин 2025-жылга карай аны акырындык менен көбөйтүү белгиленген.
Стокгольмдогу Дүйнөдөгү тынчтыкты изилдөө институтунун маалыматына караганда, АКШ ички дүң өнүмүнүн 3% ашуу бөлүгүн коргонууга жумшайт.
Дүйнөдө коргонуу тармагына ички дүң өнүмүнөн 4% ашуун каражат бөлгөн өлкөлөр саналуу эле. Алар: Сауд Арабиясы, Израил жана 2017-жылдагы маалымат боюнча Орусия 4,3% бөлгөн.