Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:50

Улуттук банктын таза кирешеси азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы былтыр мурдагы жылга салыштырганда 1,4 миллиард сомго аз киреше тапты. Бул тууралуу бүгүн Эсеп палатасы тараткан маалыматта айтылат.

Эсеп палатасы 2017-жыл боюнча аудиттин жыйынтыгын жарыялады.

Мекеменин маалыматына караганда, бул жылы Улуттук банктын таза кирешеси 2,3 миллиард сом болду. Ал эми 2016-жылы 3,8 миллиард сомду түзгөн.

Кирешенин азайышына алып келген негизги фактор баалуу металлдар жана чет өлкөлүк валюта боюнча операциялардан түшкөн кирешеге байланыштуу болду.

XS
SM
MD
LG