Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:28

Казак президенти Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектейт


Президент Нурсултан Назарбаев Астанадагы Эл аралык финансы борборунун ачылыш аземинде. 5-июль, 2018-жыл.
Президент Нурсултан Назарбаев Астанадагы Эл аралык финансы борборунун ачылыш аземинде. 5-июль, 2018-жыл.

Президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөөгө жол ачкан мыйзамга кол койду. Кеңештин макамы конституциялык орган болуп өзгөрдү.

“Казакстан Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" мыйзам 12-июлда расмий маалымат булактарына чыкты. Документке 5-июлда Назарбаев туулган күнүндө кол койгон.

Мыйзамда Казакстандын туңгуч президенти Назарбаевге “тарыхый миссиясына ылайык Коопсуздук кеңешине өмүр бою төрагалык кылуу укугу берилет". Ошондой эле өзүнчө пунктта “кийинки президент Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары кеңештин төрагасына баш ийет" деп жазылган.

Коопсуздук кеңеши мамлекеттик органдар менен уюмдардын ишмердигин координациялап, стратегиялык документтердин аткарылышына көзөмөл кылат жана баа берет. Кеңештин чечимдерин өлкөдөгү бардык бийлик бутактары “кынтыксыз аткарышы” абзел. Ошондой эле ал мамлекеттик жогорку кызматтарга көрсөтүлгөн талапкерлерди да талкуудан өткөрөт. Коопсуздук кеңеши жана анын аппараты республикалык бюджеттен каржыланат.

Мыйзам долбоору талкууланып жатканда айрым эксперттер мамлекеттеги бардык бийлик бир адамдын колуна топтолуп жатканын айтып сындашкан.

78 жаштагы Назарбаев Казакстанды СССР мезгилинен бери башкарып келет. 2015-жылы кезектеги беш жылдык мөөнөткө шайланган. Быйыл март айында парламенттеги кайрылуусунда Эл башы бийликтен жакын арада кетпей турганын ишара кылды.

XS
SM
MD
LG