Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

Таласта Жээнбековго жолуга албагандар нааразы болууда


Таластагы музыкалык драма театрынын жанындагы нааразылык акциясы.
Таластагы музыкалык драма театрынын жанындагы нааразылык акциясы.

Таласта президент менен жолугуша албай калган ондон ашык адам нааразылык билдирип "Азаттыкка" кайрылышты.

Алардын бири, Талас шаарынын тургуну Элдар Алаков: "Президент менен жолугушууга алдын-ала жазылыш керек экен. Бүгүн атайын президентке 82 барактан турган кайрылуу жазып алып келгем. Анда сотторго карата даттануу жазылган. Бирок 1,5 сааттан бери турам, киргизбей жатышат. Бул жерде жалаң эле "дежур" адамдарды киргизип коюшуптур. Маселебизди ачык айтайын дегендерди киргизбей жатышат" деди.

Алаков кошумчалагандай, Жээнбеков менен жолугууну аны менен кошо кыркка чукул адам каалаган. Алар негизинен банктан насыя алып, акчаны учурунда төлөй албагандыктан иши сотко өтүп кеткендер.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир күндүк сапар менен Талас облусун кыдырып жүрөт. Манастын күмбөзүнө зыярат кылуу менен башталган сапардын алкагында ал Талас районундагы Таш-Арык айылында бала бакчанын курулушу менен таанышты.

Андан соң Бакай-Ата районундагы жеке ишкердин Европадан алынып келип, 40 гектар жерге отургузулган алма багын көрдү. Ошондой эле Шекер айылында "Чынгыз ордо" музей-комплексинин долбоору менен таанышты.

Саат 15:00дө облустагы Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында аймактын активи менен жолугушуусу башталды. Жыйынга айрым журналисттер да кирген жок.

Бийлик өкүлдөрү нааразы болгон жарандардын айткандарына азырынча комментарий бере элек. (AlS)

XS
SM
MD
LG