Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:37

Медиа Полиси Институту: Башкы прокуратура Манас Арабаев күнөөсүз деп эсептейт


Манас Арабаев.
Манас Арабаев.

Башкы прокуратура Манас Арабаев кылмыш кылган эмес деп эсептейт жана ага карата кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу бүгүн “Медиа Полиси Институту” уюмунун жетекчиси Бегаим Усенова билдирди.

Башкы прокуратура бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.

“Медиа Полиси Институту” уюму Арабаевдин соттордун ишине киришип-киришпегенин аныктоо өтүнүчү менен кайрылган.

Мурдагы судья Максуда Оморова быйыл жазында "Фейсбуктагы" баракчасына кызы Гүлчехра Оморованын иштен алынышына байланыштуу президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүн 2015-жылдан бери жетектеп келген Манасбек Арабаевди, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматында иштеген Алмаз Маткасымовду жана мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны айыптаган. (RK)

XS
SM
MD
LG