Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

Жээнбеков: Руханий жактан да көтөрүлүшүбүз керек


Сооронбай Жээнбеков Таласта эл менен жолугушууда. 12-июль, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбеков Таласта эл менен жолугушууда. 12-июль, 2018-жыл.

Кыргызстан социалдык-экономикалык маселелерди гана чечпестен, каналдар менен көпүрөлөрдү куруп тим болбостон, руханий жактан да көтөрүлүшү керек. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Таласта эл менен жолукканда айтты.

“Качан кыргыз балдарын жетимдер үйүнө, ал эми ата-энесин карылар үйүнө таштачу эле? Калктын ушул сыяктуу аяр катмарларын дагы өз карамагыбызга алышыбыз керек, боорукер болушубуз керек» деп белгиледи президент.

Жээнбеков Талас жөнүндө сөз кылганда бул кутман жердин духу, руху, кубаты Манас, Чыңгыз деген ыйык сөздөрдү, өзгөчө руханий энергетика берген асыл сезимди ыроологонун белгиледи.

Ошондой эле президент быйыл улуттун сыймыгы, руханий туусу болгон жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилеп, эл аралык, дүйнөлүк иш-чаралар өтүп жатканына токтолду.

Мамлекет башчысы президенттик кызматка киришкенден кийин коңшу мамлекеттер менен мамилени бекемдөө багытындагы иштерине токтолуп, алгачкы жумуш сапары Орусияга болгонун айтты. Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Европа институттары, Кытай менен жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып берди. Ал аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында аткарылып жаткан жана аткарыла турчу иштерге токтолду.

XS
SM
MD
LG