Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Трамп: НАТО өлкөлөрү коргонууга бөлүнчү каражатты көбөйтөт


АКШнын президенти Дональд Трамп Брюсселде басма сөз жыйынында. 12-июль, 2018-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп Брюсселде басма сөз жыйынында. 12-июль, 2018-жыл.

Брюсселде өтүп жаткан саммитте НАТОнун курамындагы өлкөлөр коргонуу тармагына бөлүнчү каражатты 2% көбөйтүүнү макулдашканын АКШнын президенти Дональд Трамп басма сөз жыйынында айтты. Ал Түндүк-Атлантикалык Альянска кирген өнөктөштөрүн бул көрсөткүчтү 4% чейин көбөйтүүгө үндөдү.

"Ички дүң өнүмдүн 2% бөлүүгө макулдашкандан кийин биз дагы көбөйтүшүбүз керек. Бир нече жылга кетип, 4% чейин жеткирүүбүз зарыл" - деди америкалык лидер. Буга чейин коргонуу чыгымдарын 2025-жылга карай аны акырындык менен көбөйтүү белгиленген.

Трамп ошондой эле АКШ өзүнө алган милдеттенмелерин аткара турганын бышыктады. Бүгүн америкалык лидердин катуу сынынан кийин лидерлер чукул жыйынга чогулушту.

Стокгольмдогу Дүйнөдөгү тынчтыкты изилдөө институтунун маалыматына караганда, АКШ ички дүң өнүмүнүн 3% ашуун бөлүгүн коргонууга жумшайт.

Дүйнөдө коргонуу тармагына ички дүң өнүмүнөн 4% ашуун каражат бөлгөн өлкөлөр саналуу эле. Алар: Сауд Арабиясы, Израил жана Орусия. 2017-жылдагы маалымат боюнча Орусия бул тармакка 4,3% бөлгөн.

XS
SM
MD
LG