Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:32

Ооганстан: куралдуу кармаштарда ондогон жоокер курман болду


Кабулдун сыртындагы коопсуздук бекети, 10-июль, 2018-жыл.
Кабулдун сыртындагы коопсуздук бекети, 10-июль, 2018-жыл.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз провинциясында “Талибан” кыймылынын бир маалда жасаган бир нече чабуулунан ондогон жоокер курман болгонун коопсуздук күчтөрү билдирди.

“Биз жоготууларга дуушар болдук. Талибдер дагы” – деди Ооганстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мухаммад Радманиш бейшембиде журналисттерге. Ал “Талибандын” согушкерлерине каршы абадан жана жерден чабуулдар уланып жатканын кошумчалады.

Тахар провинциясынын бийлигинин өкүлү Кундуз менен чектешкен аймактагы аскер базасына чабуул болуп, ал “Талибандын” көзөмөлүнө өткөнүн билдирди. Коопсуздук кызматынын 29 өкүлү өлтүрүлүп, 17 киши жарадар болгонун кошумчалады.

“Талибан” кыймылынын "Твиттердеги" баракчасына чыккан билдирүүсүндө куралдуу топ аскер базасын, 11 өткөрмө бекетти каратып алганын, 65 аскер жана “көптөгөн жергиликтүү полиция офицерлери” өлтүрүлгөнү айтылат.

Газни провинциясында ооган коопсуздук күчтөрүнүн абадан жасаган соккусунан 24 согушкер жок кылынып, 17и жарадар болгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG