Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Ташкент шаарындагы көчөгө Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Өзбекстандын борбору Ташкентте шаардык кеңеш көчөлөрдүн бирине улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алды. ​Тиешелүү токтомго Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Өзбекстанда Чыңгыз Айтматов 1995-жылы “Достук”, 1998-жылы “Бийик кызматтары үчүн” ордендери менен сыйланган. Буга чейин Мирзиёев Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнү тапшырып, анын алкагында илимий, маданий жана адабий иштер өткөрүлүп жаткан.

Телерадиоканалдарда жазуучуга арналган берүүлөр жыл бою такай даярдалып турмак болгон. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо быйыл 12-декабрда 90 жашка чыкмак. Ал 2008-жылы 80 жашында дүйнөдөн кайткан. (NT)

XS
SM
MD
LG