Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Жогорку сот "Сентябрь" телеканалы боюнча кассациялык арызды караган жок


Соттун чечими менен жабылган "Сентябрь" телеканалы.
Соттун чечими менен жабылган "Сентябрь" телеканалы.

Жогорку сот 12-июлда “Сентябрь” телеканалын жабуу тууралуу Бишкектин Биринчи май району чыгарган чечим боюнча кассациялык арызды артка кайтарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, Жогорку соттун соттук коллегиясы "даттануу кеч берилди жана буга жүйөлүү себептер көрсөтүлгөн жок" деген негизде ишти караган жок.

Кыргызстандагы “Медиа полиси институту" телеканалды жабуу жөнүндө чечим мыйзамсыз болгонун айтып, анын ишин калыбына келтирүүнү өтүнүп быйыл 25-майда кассациялык арыз жазган. Анда Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы кассациялык даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүнү өтүнгөн.

Ага чейин аталган уюм "Сентябрь" телеканалына байланыштуу Жогорку сотко 2017-жылдын 10-ноябрында кайрылып, бирок "ыйгарым укуктары жок адам тарабынан жазылды" деген жүйө менен ал арыз да артка кайтарылган.

Адвокат Акмат Алагушев буга чейин “Азаттыкка” арыз мурда эле берилгенин, бирок сот аны "ишеним кат туура эмес түзүлдү, аныктама менен каралсын" деп калтырып койгонун, актоочу тарап аны тактап кайра даттанганын билдирген.

Башкы прокуратура былтыр "Сентябрь" телеканалында жарыяланган материалды "экстремисттик" деп табууну, ага тыюу салууну өтүнүп сотко кайрылган. Ага "Сентябрдын" эфиринен "мурдагы өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген көрсөтүү чыккан" деген негиз айтылган. 2016-жылдын 29-сентябрында ободон кеткен бул берүүдө Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров бир тууган Жээнбековдор тууралуу сүйлөгөн.

2017-жылы 22-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын арызын канааттандырып, Капаров менен болгон маекти "экстремисттик материал" деп тапкан. “Сентябрь” каналынын теле жана радио берүүлөрүнө, сайтына, Интернеттеги аккаунттарына тыюу салынып, жабылган.

Адвокаттар бул чечимге макул болбой, жогорку инстанцияга кайрылган. Ошол эле жылы декабрда Жогорку сот “Сентябрь” телеканалын жабуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. ​Азыр "Сентябрдын" базасында "Жалбырак-ТВ" иштеп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG