Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Бажы кызматынын мурдагы аткаминерлерине байланыштуу кылмыш иши козголду


Адамкул Жунусов.
Адамкул Жунусов.

Башкы прокуратура Мамлекттик бажы кызматынын кызмат адамдарына "мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгоду.

Аталган органдын маалыматына караганда, тергөөдө Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасынын буйругу менен кызматкерлерге 2014-жылдын экинчи кварталы үчүн 3 303 964 сом сыйлык катары маянага мыйзамсыз кошулуп берилгени аныкталды.

Ишти Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы менен чогуу тактаган. Материалдар УКМКнын аталган кызматына өткөрүлүп берилди.

2014-жылы Мамлекеттик Бажы кызматын Адамкул Жунусов жетектеген. Ал жетекчилик кызматты 2013-жылдан 2016-жылдын жаз айларына чейин аркалаган. Жунусов кийин Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп иштеп жүргөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG