Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Түрк элчиси: “Гүленчилер” дүйнөнүн 170 өлкөсү үчүн кооптуу


Женгиз Камил Фырат.
Женгиз Камил Фырат.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Түркияда 2015-жылдын 15-июлунда болгон окуялардын эки жылдыгы боюнча Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Элчи ал окуялар башка өлкөлөрдө кайталанбашы үчүн эскертүү иретинде билдирүү берилип жатканын айтты:

- Бул кыймыл 1970-жылдардан баштап бир адамдын культунун айланасында топтоло баштаган. Алар "алтын муун" деген адамдардын тобун тарбиялап, 170 өлкөдө мектептерди ачышты, соодага киришти, банктарды ачып, кайрымдуулук фонддорун иштете баштады. Булардын чыныгы максаты Фетхуллах Гүлендин 1999-жылы жарыяланып кеткен видеосунан соң белгилүү болду. Анда Гүлен өз адамдарына системага кире беришин буюрган. Алар бардык тармактарга өз адамдарын киргизди. Ал үчүн университеттеги экзамен суроо-жоопторун уурдап алып, өз кызыкчылыгына колдонушту. Фетхуллах Гүлендин террорчул кыймылынын өкүлдөрү дүйнөнүн 170 өлкөсүндө бар жана ал өлкөлөрдө да мындай окуялар кайталанбайт деген кепилдик жок, - деди Женгиз Камил Фырат.

Буга чейин Женгиз Камил Фырат “Азаттык” менен болгон эксклюзивдик маегинде “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерине альтернатива катары Түркия Кыргызстанда “Маариф” аттуу окуу мектептерин сунуш кылганын билдирген.

Түркияда 2016-жылы болгон төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапка каршы кескин жооп берген жана түрк лицейлери өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген.

“Себат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал “Сапат” болуп өзгөргөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын апрель айында Түркияга расмий сапар менен барганда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандагы "Сапат" лицейлерин жабуу керек экенин ишарат кылган. Жээнбеков анда "гүленчилер" тууралуу үн каткан эмес. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG