Азербайжан бийлиги билдиргендей, "эки полициячыны өлтүрдү" деп шек саналган эки жарандын бирөө жок кылынды. Ички иштер министрлиги 13-июлда маалымдагандай, Расад Боюккишиев деген шектүү өлкө чыгышындагы Шамкир шаарында болгон атайын операция маалында өлтүрүлдү. Министр дагы бир шектүү Фарух Касимов кармалганын кошумчалады.
10-июль күнү кечинде өлкөнүн Бакудан кийинки эле экинчи чоң шаары – Ганжинин мэриясынын алдына 200дөй адам уруксат берилбеген нааразылык акциясына чогулган. Аларды полиция кызматкерлери таратууга аракет кылган учурда Илгар Балакишиев менен Самед Аббасов учтуу куралдан өлтүрүлгөн. Окуядан кийин 40 киши кармалып, полициячылардын өлүмүнө шектүү катары эки адамга издөө жарыяланган.
Өткөн жумада Гянжа шаарынын башчысы Элмар Валиевге кол салуу болуп, мэр жана анын жансакчысы жарадар болушкан. Бул үчүн Ирандан окуп келген жана исламчыл радикал катары шектүү болуп эсептелген Сафаров аттуу адам кармалган. Ага нааразы болгондор 10-июлда шаарда акция өткөрүүгө элди чакырышкан. Прокуратура Сафаровду "өлкөдө башаламандык жаратуу үчүн теракт уюштурууну көздөгөн" деп айыптап жатат.