Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:28

Жыл башынан бери өрт кырсыгынан 35 адам каза тапты


Ош шаарындагы 12 кабат үйдөн чыккан өрт. 24-апрелге караган түн. Бул кырсыктан бир адам өлгөн.
Ош шаарындагы 12 кабат үйдөн чыккан өрт. 24-апрелге караган түн. Бул кырсыктан бир адам өлгөн.

2018-жылдын алгачкы алты айында Кыргызстанда 1593 өрт кырсыгы катталып, "тилсиз жоо" 35 адамдын өмүрүн алып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Каза болгондордун бири жаш бала. Мындан сырткары дагы 29 адам жабыркаган. Ошол эле кезде куткаруучулар өрттөн 56 адамдын өмүрүн сактап калышкан.

Электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык жана балдардын от менен ойногону өрттөргө себеп болгон.

Былтыр алгачкы алты айда өрт кырсыктарынан 42 адам каза таап, 55 адамдын өмүрү сакталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG