Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:13

Аргентина Орусиядан Ирандын мурдагы министрин экстрадициялоону суранды


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын Жогорку руханий лидеринин кеңешчиси Али Акбар Велаяти. Москва. 12-июль, 2018-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын Жогорку руханий лидеринин кеңешчиси Али Акбар Велаяти. Москва. 12-июль, 2018-жыл.

Аргентинанын Тышкы иштер министрлиги Орусиядан Ирандын мурдагы тышкы иштер министри Али Акбар Велаятини кармап, экстрадициялоону суранды. Мурдагы министр Аргентинада 1994-жылы Буэнос-Айресте 85 кишинин өмүрүн алган чабуулдагы ролу үчүн күнөөлөнүп келет.

Учурда Ирандын Жогорку руханий лидери Али Хаменеинин улук кеңешчиси Али Акбар Велаяти 12-июлда Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, 13-июлда Кытайга кетүүнү боолголоп жаткан.

Аргентинанын Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө ушундай эле өтүнүчтү Кытайга да жибергенин билдирди.

1994-жылы 18-июлда Буэнос-Айрестеги Аргентина-Израил биргелешкен ассоциациясынын башкы кеңсесине чабуул коюлуп, 85 киши курман болгон, 300дөн ашууну жаракат алган. Ошол маалда Велаяти Ирандын Тышкы иштер министрлигин жетектеп турган. Бул калаба Аргентина тарыхында эң ири теракт бойдон калды.

Прокурорлор Велаятини Аргентинадагы 300 миңдей жөөттөргө каршы уюштурулган чабуулдун "башкы идеологиялык шыктандыруучусу" деп аташкан. Иран менен Велаяти чабуулдарга тиешеси бардыгын четке кагып келишет.

XS
SM
MD
LG