Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Чүйдөгү абакта бир жоокер автоматтан жарадар болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 жатак абагында 21 жаштагы жоокер Калашников автоматынын огу ээгине тийип жарадар болду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди.

Анын маалыматында айтылгандай, бул кызматтын Кайтаруу жана коштоп жүрүү департаментинин аскери М.А. бүгүн эртең менен табылган. Ага кызматташтары биринчи жардам көрсөтүп, Чүй облустук ооруканасына жаткырышкан. Мекеме дарыгерлерге таянып билдиргендей, ага операция жасалган, абалы оор.

Окуя болгон жерге ЖАМКтын ыкчам-иликтөө тобу жана Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасынын өкүлдөрү барышкан. Тергөө уланууда. Окуянын себептери такталып жатат.

Ушуга окшош эле окуя июнь айынын башында Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү колониясында да болгон. 18 жаштагы кароолчу кезмет учурунда АК-74 автоматы менен өзүн өзү атып алган. ЖАМКтын маалыматына ылайык, тергөө бул фактыны суицид деп жыйынтык чыгарган. (ErN)

XS
SM
MD
LG