Түркия Пакистанга 30 аскердик тик учак сатууга макул болду. 13-июлда "Анадолу" мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, T129 ATAK үлгүсүндөгү тик учактарды сатуу боюнча келишим Түркиянын Аэрокосмикалык агенттиги менен Пакистандын Коргоо министрлигинин ортосунда түзүлгөн.
Түркия ошондой эле логистика жагын карап, тетиктерин камсыз кылып, учкучтарды машыктыруудан өткөрүү жагын өзүнө алган.
Агенттик келишим канчага бааланганын белгилеген эмес. Бирок жергиликтүү башка маалымат каражаттары болжол менен 1,5 миллиард долларга бааланганын жазышты.
5-июлда Түркиянын коргоо министри Нуреттин Чаникли Анкара Пакистандын аскер-деңиз флотуна узундугу 99,5 метрге жеткен төрт кеме сатарын ишарат кылган.
Кошмо Штаттар былтыр күзүндө бир миллиард долларга бааланган аскердик жардамды кыскартарын жарыялаган. Вашингтон мындай кадамын Исламбад талибдерге каршы жетиштүү күрөш жүргүзбөй жатканы менен түшүндүргөн.