Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:20

Өзгөн районунун акими алмашты

Өзгөн районунун административдик борбору - Өзгөн шаары. Күрүч фестивалын өткөрүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзгөн районунун административдик борбору - Өзгөн шаары. Күрүч фестивалын өткөрүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Бактыбек Алайчиев Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөттүн башка буйругуна ылайык, берген арызынын негизинде мурдагы аким Олжобай Осмоналиев ээлеген кызматынан бошотулган. Осмоналиев бул кызматка 2017-жылы дайындалган.

Өзгөн району Кыргызстандагы калк жыш жайгашкан район болуп саналат. Мамлекеттик статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2018-жылы райондун калкы 267 миң адамды түзгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG