Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Чүйдөгү жол кырсыгынан үч адам өлдү


Кыргызстандагы жол кырсыгы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы жол кырсыгы. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 13-июлда Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 44-чакырымында “Мерседес” үлгүсүндөгү авоунаа жол кырсыгына кабылып, андан үч киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Окуя болгон жерге министрликтин Токмок шаарындагы №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 кызматкер тартылган. Алар унаага кыпчылып калган маркумдарды чыгарып, райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 44-чакырымы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна туура келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG