Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Тарых музейин жаңылоо боюнча кылмыш иши козголду


Бишкектеги Тарых музейинин сырткы көрүнүшү.
Бишкектеги Тарых музейинин сырткы көрүнүшү.

Башкы прокуратура Улуттук тарых музейинин имаратын оңдоп-түзөөгө жана керектүү жабдык алууга бөлүнгөн каражат "мыйзамсыз колдонулган" деген факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы көзөмөл мекемесинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Кылмыш-жаза кодексинин 189-беренеси ("Аукцион, тендер, ачык соода өткөрүү тартибин бузуу"), 304-беренеси ("Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу"), 306-беренеси ("Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу, келишим түзүү"), 308-беренеси ("Бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу"), 221-беренеси ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануусу") боюнча иш козголду.

Кылмыш иши Башкы прокуратура менен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен бирге өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында ачылды. Прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстандын базарында бар айрым материалдар Германиядан кымбат баада сатылып алынганы аныкталган. Ошондой эле жабдууларды ташып келүүгө ашыкча каражат сарпталган. Иш тергөө органдарына жөнөтүлдү.

Буга чейин “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы Тарых музейин жаңылоого жумшалды делген 1,5 млрд. сомдун дайынын иликтеген.

XS
SM
MD
LG