Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Пакистанда экс-премьер-министр Наваз Шариф кызы экөө камалды


Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шариф Абу-Даби аэропортунда Лахорго учаар алдында. 13-июль, 2018-жыл.
Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шариф Абу-Даби аэропортунда Лахорго учаар алдында. 13-июль, 2018-жыл.

Пакистанда буга чейин өкмөттү үч жолу жетектеген Наваз Шариф кызы Мариям Наваз экөө Лахор шаарындагы эл аралык аэропортко жума күнү кечинде келип конгондо камакка алынды.

Анын учагы жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат тогуздарда конду. Ага чейин эле аэропорт курчоого алынып, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Шарифтин миңдеген тарапташтары аэропорттун айланасында топтолуп турушту. Бийлик Лахордогу Интернетти чектеп, аэропортко барчу жолдорду тороду.

Бир жыл мурда коррупцияга айыпталып өкмөт башчылыктан алынган Шариф Лондондо кымбат баалуу батирлерди мыйзамсыз алганы үчүн күнөөлүү деп табылып, өткөн аптада 10 жылга эркинен ажыратылган. Анын кызы Мариям да 2016-жылы ачыкка чыккан "Панама кагаздары" чуусунан улам жети жылга кесилген. Өкүм чыккан маалда экөө тең Британияда жүрүшкөн. Алар эки күн мурда Пакистанга барышарын билдиришкен.

68 жаштагы Наваз Шариф өзүнө жана балдарына коюлган айыптарды четке кагып, "саясий куугунтук" катары баалап жүрөт.

XS
SM
MD
LG