Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:39

АКШ ГРУнун 12 офицерине айып такты


Американын башкы прокурорунун орун басары Род Розенштейн. 23-май, 2018-жыл.
Американын башкы прокурорунун орун басары Род Розенштейн. 23-май, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги Орусиянын Башкы аскерий чалгын мекемесинин (ГРУ) 12 кызматкерин Американын Улуттук демократиялык комитетинин, президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун, АКШнын Демократиялык партиясынын комитетинин серверлерин бузушкан деп айыптады.

Аларга ошондой эле хакерлерден алган маалыматты ачыкташкан деген айып тагылды. Башкы прокурордун орун басары Род Розенштейн 13-июлда жарыялаган маалыматка ылайык, 2016-жылы ГРУнун өкүлдөрү Клинтондун штабынын кызматкерлерине жана ыктыярчыларына караштуу компьютерлерге чабуул коюу операциясын башташкан.

Орусиянын атайын кызматтарынын өкүлдөрүнүн колуна штабдын кызматкерлеринин электрондук почталарынын сыр сөздөрү (паролдору) тийген. "Алар аралыктан штабда иштегендердин кат алмашуусун, жеке документацияларын окуп турушкан" деп айтылат документте.

Башкы прокуратуранын бул билдирүүсү АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия лидери Владимир Путиндин Хельсинкиде өтө турган алгачкы саммитине үч күн калганда жарыяланды. Род Розенштейн документтердин эмне себептен азыр ачыкталып жатканы боюнча суроого түз жооп берген жок, бирок Трампка Европага сапарга чыгар алдында бул тууралуу айтылганын кошумчалады.

Америкада 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча буга чейинки айыптоолорду Кремль жана Трамп өзү да четке кагып келишкен.

XS
SM
MD
LG