Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Пакистан: жардырууларда 90дон ашуун киши курман болду


Банну шаарындагы ооруканага жеткирилген жарадарлар. 13-июль, 2018-жыл.
Банну шаарындагы ооруканага жеткирилген жарадарлар. 13-июль, 2018-жыл.

Пакистанда шайлоо өнөктүгү маалында жасалган эки башка чабуулда курман болгондордун саны 90дон ашты, алардын арасында парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер да бар. Жарадар болгондордун саны 180ге жетти. Полициянын билдиргенине ылайык, Кветта шаарындагы чабуулду жанкечти жасаган. Курман болгон 85тей кишинин арасында 25-июлда өтчү шайлоого ат салышып жаткан Сираж Раисани да бар экени такталды.

Ошол эле күнү дагы бир талапкер Акрам Хан Дурранини бутага алган жардырууда беш адам курман болуп, 30тан ашуун киши жаракат алды. Ал чабуулдан кийин жасаган билдирүүсүндө бийлик коопсуздук чаралары тууралуу буга чейин эскерткенин билдирип, "Мен аманмын, бирок жанымдагылар жабыркашты" - деди.

Крикет жылдызы, сурамжылоолордун натыйжасында "Терик-ин Инсаф" партиясы менен алдыда бараткан Имран Хан чабуулду сынга алды.

13-июлдагы жардыруулар үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек.

XS
SM
MD
LG